• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жер көчкүдөн курман болгон С.Касымовдун туугандарына президент жана премьер-министрдин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Ош, 18-апрель /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү Таалайбек Сарыбашов жер көчкүнүн натыйжасында каза болгон Сүйүндүк Касымовдун жакындарына барып келди.

Өкмөттүн өкүлү маркумга куран окуду.

Ошондой эле, Т.Сарыбашов курман болгон адамдын туугандарына Кр Президенти Алмазбек Атамбаевдин, КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун атынан жана Ош облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн атынан акча каражаттарын тапшырды.

Эскерте кетсек, 14-апрелде Өзгөн районунун Шамал-Терек айылындагы Ындыбай тилкесинде жер көчкү түшүп, жергиликтүү тургун С.Касымовго таандык бир турак үйдү басып калган.

Пикир

Оставить комментарий