• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун аймагында жалпы 105 видеокамера орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында коомдук жайлардагы абал видеокамералар аркылуу кѳзѳмѳлгѳ алына баштады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитовдун жетекчилиги алдында Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгѳн, Чоң-Алай райондук ички иштер бѳлүмдѳрүнүн начальниктери менен биргеликте бул саамалыкты колдогон демѳѳрчүлѳрдүн колдоосу менен облустук аймагына жалпы 105 камера орнотулган.

Аталган видео камералар калк жыш жайгашкан жерлерде, коомдук жайларда жана автоунаа жолдоруна ошондой эле ички иштер бѳлүмдѳрүнүн, нѳѳмѳт бѳлүмдѳрүндѳ, убактылуу кармоочу жайларга орнотулду.

"Камералар кылмыштууулук менен күрѳшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана мыйзамдуулукту сактоо максатында коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда бардык видеокамералар бирдиктүү тутумга бириктирилип, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нѳѳмѳт жана Ички иштер министрлигинин нѳѳмѳт бѳлүмүндѳгү мониторингге улаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий