• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын мамлекеттик университетинде эт азыктарын өндүрүү боюнча цех ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде (НМУ) этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цех ачылды. Анын ачылышына билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов катышты.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аталган цехти ачууга Борбордук Азия Университети (Ага Хан фонду) 2 млн 293 миң 400 сом жана “Эразмус плюс” программасынын “АгроДев” долбоору 1 млн 350 миң сомдук колдоо көрсөткөн.

Нарын мамлекеттик университети өзүнүн атайын каражаттарынын эсебинен жогорку сапаттагы жабдууларды жана аппараттарды алуу үчүн 4 млн 194 миң 266 сом жумшаган.

Министр Каныбек Иманалиев НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылып жатканы абдан символикалуу экендигин айтып, Нарын облусу жогорку сапаттагы эт азыктары менен республикага таанымал деп билдирди.

“Бул цех эми студенттерге өндүрүштө практикалык сабактарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Алар санитардык нормаларды үйрөнүп, товарларды маркировкалоо процедурасын өздөрү жүргүзүп, эт фабрикаттарын чыгарууда алдыңкы тажрыйбаларга ээ боло алышат. Мындан ары цехте этти кайра иштетүү жана эттин сапатын аныктоо боюнча сабактар өткөрүлөт. Келечекте калкты жергиликтүү брендге айланган продукция менен камсыз кылуу жана аны коңшу өлкөлөргө экспорттоо пландалууда”, - деди министр.

Ошондой эле министр көрсөткөн колдоосу үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, натыйжалуу жүргүзүлгөн кызматташтыктын жыйынтыгында келечектүү стартап долбоору ачылгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий