• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эр-Риядда билим берүү жаатындагы кыргыз-сауд кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын билим берүү министри Юсуф бин Абдулла Аль-Беньян менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-сауд кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрында Эр-Рияд шаарында өткөн кыргыз-сауд кызматташтык комитетинин үчүнчү отурумунун Протоколунун билим берүү жана илим тармагына тиешелүү пункттарын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле алар 2019-жылы эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин ортосунда кол коюлган Билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Өз кезегинде министр Аль-Беньян кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу максатында жакынкы аралыкта онлайн жолугушууларды уюштурууну макулдашышты.

Жолугуушунун соңунда элси Марипов Юсуф бин Абдулла Аль-Беньянды өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий