• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Колледждин окутуучусу кандай болушу керектиги талкууланды

Билим 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Орто кесиптик билим берүүнүн бир катар окуу жайларынын жетекчилери заманбап колледждин окутуучусу кандай болушу керек экенин талкуулашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, талкуу педагогикалык кадрларга колледждердин муктаждыгын талдоо боюнча онлайн семинардын алкагында жүргүзүлдү.

Орто кесиптик билим берүү боюнча окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерин окутуу зарылчылыгын талдоо методологиясы «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында иштелип чыкты жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилди.

Аталган методологиянын максаты – зарыл болуучу квалификациялык деңгээлдин кесиптик компетенцияларына жетишүү жана ишке ашыруу үчүн окуу жайдын инженердик-педагогикалык кадрларынын окутуудагы муктаждыктарын аныктоо.

Методология инженердик-педагогикалык кызматкердин компетенцияларынын деңгээлин, ээ болгон жана талап болуучу компетенциялардын ортосундагы ажырымды аныктоого жана кесиптик өнүгүүнүн индивидуалдуу траекториясын калыптандырууга көмөктөшөт.

Тренингге республиканын бардык региондорунда түзүлгөн сегиз пилоттук Алдыңкы тажрыйба борборлорунун жетикчилери катышты.

«Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоору төмөнкү натыйжаларга жетишүүгө багытталган:

  • Экономиканын негизги секторлорун колдоо максатында КБОну башкарууну жана каржылоону чыңдоо
  • Окутуу жана билим берүү чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуу
  • Экономиканын тармактары менен кызматташууну кеңейтүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү

Пикир

Оставить комментарий