• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Талас шаарындагы 22 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт

Аймак 0

Бишкек, 05.04.24./Кабар/. 2024-жылы Талас шаарындагы 22 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт, деп билдирет Энергетика министрлигинин маалымат кызматы.

«Кыргыз улуттук электр тармактар » ААКтын филиалы – Талас электр тармактар ишканасынын Талас шаардык электр тармактарынын 2024-жыл күз-кыш мезгилине карата аба чубалгыларын жана көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө №016 трансформаторун капиталдык ремонттон өткөрүү, май алмаштыруу, эски жабдыктарды жаңыртуу иштери аткарылып жатат.

2024-жылга карата пландалган оңдоп-түзөөлөрдүн тизмеси:

Талас шаардык электр тармактарында 195 даана 10/0,4 кВ трансформатор бар, анын 22 даана 10/0,4 кВ трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. 173 даана 10/0,4 кВ трансформатор техникалык тейлөө иштерин өткөрүү пландалган.

10 кВ аба чубалгысы жалпы 103 км, анын 103 км техникалык тейлөө иштери аткарылып, 4 км капиталдык оңдоо иштери аткарылат.

0,4 кВ аба чубалгысында жалпы 205 км, анын 159,272 км техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү пландалууда.

Талас шаардык электр тармактарында 5041 даана бир фазалуу, 35 даана үч фазалуу акылдуу эсептегичтер алмаштырылды.

Шаар ичинде 15 даана эски мамыларды темирбетон мамыларга алмаштыруу иштери аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий