• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Баткенде милиционерлер кырдаалды жөнгө салуу багытында иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Баткенде милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу багытында бардык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын ишмердүүлүгүн координациялап, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти сактоо багытында бардык коопсуздук чараларын жүргүзүүдө.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милициянын өздүк курамы жана 707 аскер бөлүгүнүн кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Өздүк курам тиешелүү каражаттар жана техникалар менен жетиштүү деңгээлде камсыздалып, башка күч түзүмдөрү менен бирдикте кызмат кылууда.

Учурда абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Пикир

Оставить комментарий