• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат оюндары боюнча курама команда тыйын эңмей боюнча Азия Кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Ат оюндары боюнча улуттук курама команда тыйын эңмей боюнча Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Казакстандын Шымкент шаарында 6-8-апрель күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай жана Тажикистандын курама командалары катышат.

КР курама командасынын тизмеси:

  1. Талайбеков Аскат;
  2. Кенжебек уулу Адилбек;
  3. Эсенгелдиев Аман;
  4. Батырбек уулу Максат — машыктыруучу;
  5. Жумакматов Улан — команда жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий