• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат

Билим 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, педагогдор, ректорлор жана билим берүүнүн кызматкерлери чогулган.

Быйылкы август конференциясы “Мезгил чакырыгы - жаңы мүмкүнчүлүктөр!” девизи алдында өтүүдө.

Конференцияда сөз сүйлөгөн билим берүү министри мектептерде болуп жаткан жана боло турган өзгөрүүлөр жаңы заманбап жетекчиликти талап кыларын билдирди.

"Ошондуктан директорлордун корпусу жаңыланып жатат. Тестирлөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, биздин өлкөдө билим берүү тармагында мугалимдерди гана эмес, менеджерлерди да даярдоо зарыл”, - деди Алмазбек Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, жалпы билим берүүчү мектептердин жетекчилеринин жаңыланган курамы менеджерлердин негизги компетенцияларын көрсөтүшү абзел.

Алар:

  • Натыйжаларга жана жетишкендиктерге багытталгандык
  • Ийкемдүүлүк
  • Үйрөнүү, өз алдынча үйрөнүү
  • Таасир этүү, ынандыра билүү
  • Башкаларды уга билүү, пикирлерди кабыл алуу
  • Презентация, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрү
  • Кардарларга багытталгандык, көңүлүн буруу

Белгилей кетсек, мектеп директорлорун конкурстук тандоо тестирлөөсүндө “Башкаруучулук менеджмент”, “Педагогика”, “Курактын психология”, “Нормативдик укуктук актылар” жана “IT компетенциялары” (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар камтылган.

Эске салсак, август конференциясы мугалимдер үчүн окуу жылынын алдындагы негизги иш-чара болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий