• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык эки мугалим АКШдагы эл аралык конференцияга катышты

Билим 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары 22-26-март күндөрү АКШнын Питтсбург шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин TESOL-2022 конференциясына катышып, презентация жасашты.

Аталган университеттен билдиришкендей, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучулары Чинара Жээнбекова жана Анара Тажибаева Казакстандын Астана шаарында жайгашкан англис тил программаларынын регионалдык офиси тарабынан Орто Азия мамлекеттеринин мугалимдеринин эл аралык конференцияларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында уюшулган Proposal Writing for Success at International Conferences долбоорунун алкагында жолдомо алышкан.

Аталган долбоорго Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 30дан ашуун окутуучулардын арасынан 14 мугалим тандалып алынган.

Эл аралык конференцияда 100 мамлекеттен 2 миңден ашуун катышуучу болду.

Пикир

Оставить комментарий