• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдарды мектепке электрондук каттоо уланууда

Билим 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынын мектептерине 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Акыркы маалыматтар боюнча келип түшкөн арыздардын жалпы саны 7 миң 157.

Шаарларга бөлгөндө:

  • Бишкек – 6350;
  • Ош – 150;
  • Кара-Балта – 122;
  • Токмок – 96;
  • Кызыл-Кыя – 272;
  • Жалал-Абад – 167.

Техникалык колдоо көрсөтүү кызматы: (иш күндөрү: дүйшөмбү-жума, иш сааттары 9:00-18:00. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00)

0312 88 71 99
0500 88 71 99
0222 88 71 99
0990 88 71 99

Эскерте кетсек, балдарды мектепке электрондук каттоо 15-фералда башталган.

Пикир

Оставить комментарий