• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун аймагында акчага жалданып иштөөгө тыюу салынат

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаал тартибине ылайык Баткен облусунун аймагында акчага жалданып иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өкүл Алишер Абдрахманов Баткен облусунун аймагында талаачылыкта, курулушта акчага жалданып иштөөгө бөгөт коюу боюнча мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы баш болгон тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

Азыркы кырдаалда кошуна мамлекеттердин чек аралаш аймактарынын тургундары, чек арадан жашырынып чыгып, Баткен облусунун аймагында элдин талаа жана курулуш иштеринде иштеген жарандарга жана аларды иштеткен жарандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Бул аракет Баткен облусунда коронавирус оорусунун жайылып кетпөөсүн алдын алуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий