• 88.68
  • 95
  • 0.95

Барпы — Ийри-Суу — Өзгөн жолунун жалпы 15 чакырымы асфальтталды

Аймак 0


Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Барпы — Ийри-Суу — Өзгөн жолунун жалпы 15 чакырымы асфальтталды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен быйыл Барпы - Ийри-Суу - Өзгөн унаа жолунун 5 чакырымы оңдолуп, буга чейин жасалган жумушту эске алганда жалпысынан 15 чакырымы асфальтталды.

"Аталган жол мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, жалпы 15 км асфальт төшөө жана 3 көпүрө салуу иштери пландаштырылган. Бүгүнкү күндө асфальт төшөө иштери 8-августта толук бүткөрүлдү. Бул менен 3 айылдын тургундарына жакшы шарт түзүлүп, элет эли асфальт жол менен каттап калышты", - деди министр.

Текебаев белгилегендей, калкка шарт түзүп берүү максатында айылдардын тыгыз байланышын камсыздап, 10-15 чакырымдан ашык жолдорду салуу пландаштырылууда. Мурда 500 метр, 1 чакырым жерге асфальт төшөлүп келсе, эми 10-15 чакырымдан ашык жолдор курула баштайт. Бул калктын күнүмдүк турмушун жеңилдетүүгө түздөн-түз салым кошуу менен экономиканын негизги кыймылын камсыз кылып, андан башка региондордун өнүгүшүнө салымын кошот.

Пикир

Оставить комментарий