• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто июнь окуясы эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Ош шаарында 2010-жылы болгон каргашалуу июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз жоголгондор эскерилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өтүп, иш-чарага вице- премьер-министр Замирбек Аскаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коомдук ишмерлер, окуя учурунда каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты.

Окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаарда улуттар аралык бөлүнүүгө жол берилбей турганын, учурда ынтымакта жашоо уланып жатканын билдирди.

Андан соң вице- премьер-министр баш болгон бийлик өкүлдөрү жабыр тарткандарга берилген үйлөргө барып, жабыркагандардан кабар алышты.

Пикир

Оставить комментарий