• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кышка даярдык! Камбар-Ата-2 ГЭСинде оңдоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Камбар-Ата-2 ГЭСинде учурдагы оңдоо жана көмөкчү жабдууларды тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 110 кВ тышкы бөлүштүргүчтөгү ВЛ-110-Токтогул автоматтык өчүргүчтөрүн жыл сайын оңдоонун графигине ылайык учурдагы оңдоо иштери аткарылууда.

Ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинде оңдоо графигине ылайык, ВЛ-110-Токтогул, ЛР-ВЛ-110-ТОКТОГУЛ, ЛР-ВЛ-110-ТОКТОГУЛ, ВЧ- Заградитель ВЛ-110-Токтогул байланыштарында оңдоо иштери уланууда.

Ошентип, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинин алкагында электр кыймылдаткычын жана No 1 компенсатордук насосту ремонттоо аяктады.

Маалым болгондой, "Электр станциялары" ААК ишканасынын филиалдарында бардык оңдоо иштери мурда бекитилген графиктерге ылайык жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий