• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбор калаада COVID-19 илдети жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал жана эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшү талкууланды.

Бишкек шаары боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, интенсивдүү көрсөткүчтөр боюнча борбор калаа жашыл зонада экенин билдирди.

Белгилей кетсек, акыркы суткада COVID-19 жана ооруканага түшпөгөн пневмониянын 30 учуру аныкталган.

Муниципалитеттин башчысы COVID-19га каршы эмдөөнүн жай жүрүп жатканын белгилеп, калкты эмдөө процессин тездетүү зарылдыгын билдирди.

Айта кетсек, 23-ноябрга карата шаардыктардын 30% биринчи дозасы менен эмдөөдөн өтсө, 24% толук курсун (эки эмдөө) алышкан. Район тургундарын эмдөө үчүн 79 убактылуу эмдөө пункттары ишке киргизилген.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачевага жана төрт райондун акимдерине жарандарды эмдөөдөн өткөрүүгө шарт түзүү боюнча тапшырма берилди.

Ошондой эле акимчиликтердин башчыларына кызматтардын, жарандардын арасында COVID-19га каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий