• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирусту жуктурган 11 жарандын абалы оор деп бааланууда — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Коронавирусту жуктурган 11 жарандын абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда стационарларда 347 адам жатат.

"Алардын ичинен 11 жарандын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө 6 бейтап бар жана орто оор абалда 336 адам дарыланып жатат. Ошондой эле 67 жаран айыгып чыккан", - дейт ал.

Үсөнбаев белгилегендей, илдетти жуктургандар менен жакын байланышта 1359 адам, алыскы байланышта (2-категория) 5540 жаран болгон. Жалпы 947 адам обсервацияда жатат.

Белгилей кетсек, 13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 419га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкери. Коронавирустан 67 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий