• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыгып чыкты – Үсөнбаев

COVID - 19 0


Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата ооруканадан дагы 13 адам үйүнө чыгарылды. “Алар Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында дарыланышкан. Алардын анализдери оору жок деп көрсөттү. Ошентип ооруканадан айыгып чыккандардын саны 67ге жетти", - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, 13-апрелге карата дагы 42 жаңы учур катталып, вирусту жуктургандардын жалпы саны 419га жетти. Алардын 67си илдеттен айыгып чыкса, бешөө көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий