• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 479 адамдан табылып, 4 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 479 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 169, Ош шаарында - 26, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда - 15, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 59, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда - 45 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 438 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 104, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 39, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 83, Баткен облусунда – 84 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 66 миң 983 адам коронавируска кабылса, 57 миң 760 киши айыкты.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болду. Бишкекте – 2, Талас облусунда – 2 киши көз жумду.

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 203 жаран каза тапты. Акыркы суткада 1 миң 293 ПЧР анализ жүргүзүлдү.

Стационарда 3 миң 279 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 43 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 735 учур катталды, алардын ичинен 3 499 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий