• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир сутка ичинде коронавирустан айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 58ди түздү

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 58 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 33, Жалал-Абад облусунан 1, Нарын облусунан 6, Ош облусунан 1, Ош шаарынан 17 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1630 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 36 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 2129 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий