• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 10 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 10 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында бир медкызматкер илдетке кабылды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 11-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2129 учур катталды. Алардын ичинен 419у медицина кызматкери. Илдеттен 1630 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий