• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тоң районунда мөндүрдөн чарба өсүмдүктөрү жабыркады

Аймак 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Тоң районунда мөндүрдөн чарба өсүмдүктөрү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айыл аймагында 2020-жылдын 10-июнь күнү саат 14:20 чамасында кыска убакыт жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Көл-Төр, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак айылдарындагы чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирилген. Турак үйлөр жана жолдор жабыркаган эмес.

10-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кошумча тактоо иш-чаралары бүгүн, 11-июнда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий