• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 44 адамдан COVID-19 табылып, 52 бейтап айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 28.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 52 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 16, Ош шаарында - 5, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Талас облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 52 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 21, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Талас облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 бейтап коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир киши каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 364 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуккан учур катталган жок. Үй арантининен 3 медик чыгарылды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 179 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 229 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 179 киши айыгып чыкса, 1 миң 464 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий