• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, төртөө жандандыруу бөлүмүндө - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда стационарда 370 адам жатат.

"Бүгүнкү күндө 11 бейтаптын абалы оор, 4 жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган 359 адамдын абалы канааттандырарлык", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 466га жетти. Алардын ичинен 104ү медицина кызматкери. Коронавирустан 91 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий