• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 10 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 75 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 441 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 634 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 882 миң 307 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 666 миң 761 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий