• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Коопсуздук кеңешинин катчысы № 1 «Семетей» шаардык клиникалык ооруканасынын даярдыгын текшерди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча айрым саламаттык сактоо уюмдарынын калкка санитардык-медициналык жардам көрсөтүүгө даярдыгын текшерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жумушчу сапардын алкагында Рыскелди Мусаев № 1 «Семетей» шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча жаңы стационарында болуп, ал жердеги COVID-19 оорусунун жана ооруканадан тышкары пневмония оорусунун симптомдору бар бейтаптарды кабыл алууга даярдык көрүү процесси менен таанышты.

Кароонун жыйынтыгы боюнча «Семетей» жугуштуу оорулар бөлүмү коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды кабыл алууга толугу менен даяр экендиги жана жакынкы күндөрү өз ишин баштай тургандыгы белгиленди.

Ошондой эле КР Коопсуздук кеңешинин катчысы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө ишке тартылган врачтарды даярдоо борборунда болду. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында болгон керектүү дары-дармектердин бар экендигин текшерди.

Учурда коронавирус инфекциясынын жана ооруканадан сырткары пневмониянын симптомдору бар бейтаптарды дарылоо боюнча 7500дөн ашуун медициналык кызматкер окутуудан өткөндүгү белгиленди.

КР Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүү, коронавирус инфекциясынын жана ооруканадан сырткары пневмониянын жайылышы менен күрөшүүгө жакынкы 2 айга дары-дармектердин керектүү запасы топтолгон.

Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан өлкөнүн жетекчилиги үчүн тийиштүү маалымат жана эпидемиянын таралышына каршы күрөшүүгө тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын ишин күчтөндүрүүгө багытталган сунуштамалар даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий