• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Ысык-Көлдөгү бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

“Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек”, - деп билдирди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев.

Ысык-Көл дубанында 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий