• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 159 бейтаптын абалы оор, 21и жандандыруу бөлүмүндө - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Коронавирус жуктурган 159 бейтаптын абалы оор, 21и жандандыруу бөлүмүндө болууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 709 адам дарыланууда.

“Дарыланып жаткан 159 бейтап оор, 442 адам орто оор жана 108и канааттандырарлык абалда жатат. Жандандыруу бөлүмүндө 21 бейтап болууда”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 13 миң 101ге жетти. Алардын ичинен 2199у медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 6096 (үй изоляциясынан 2275) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 173 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий