• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы суткада 167 адамдан COVID-19 жаңы аныкталды. Жалпы 46 миң 522 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-сентябрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 167 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавирус каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 522 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 9
  • Ош - 5
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу - 38
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 31
  • Баткен облусу - 55

Пикир

Оставить комментарий