• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 142 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 142 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 26, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда - 7, Ош облусунда – 26, Талас облусунда - 10, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда 17, Баткен облусунда – 20 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 761ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий