• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлик: Коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктарды жакшыртуу үчүн план иштелип чыккан

COVID - 19 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн онлайн брифингдин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустун экинчи толкунуна карата даярдык планын ишке ашыруу тууралуу маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, күз-кыш айларындагы коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктарды жакшыртуу үчүн атайын план иштелип чыккан.

"Кошумча стационарлар уюштурулган. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) тажрыйбасы жана кеңешинин негизинде, бейтаптарды дарылоо боюнча клиникалык протокол кайрадан каралып чыккан, учурда клиникалык протоколдун 5 варианты каралууда. Дары-дармектер, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентратору, жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоо каражаттары, антисептиктер сатылып алынган жана запасы даярдалган", - деп маалымдады Акматова.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы кошумчалагандай, тогуз стационарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары, коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу жана аларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн 3 жаңы стационар курулду.

Пикир

Оставить комментарий