• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада дээрлик 3 миң адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 2 миң 999 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 91 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 908 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 701 миң 155 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 480 миң 957 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий