• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектеги "Фрунзе" гипермаркетинин кызматкери коронавирус жуктуруп алган - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарынын VEFA соода борборундагы "Фрунзе" гипермаркетинин кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ал өзү оорунун белгилери байкалып жатат деп кайрылган.

"Аталган гипермаркеттин кызматкери Санэпидкөзөмөл борборуна илдеттин белгилери байкалып жатат деп кайрылган. Лабораториядан текшергенде коронавирус аныкталган. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат. Ошондой эле "Фрунзе" гипермаркетинде иштеген бардык кызматкерлер лабораториялык изилдөөдөн өтүштү", - деп белгиледи Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ге жетти. Алардын ичинен 241и медицина кызматкери. Илдеттен 709 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий