• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурманбет Раймалы уулу КМШ оюндарында бел боо күрөшү боюнча алтын утту

Спорт 0


Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Нурманбет Раймалы уулу Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында алтын медал тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчу 100 кг салмактык категорияда чыгып, жалпы 3 беттеш өткөрдү. Казакстан, Өзбекстандан келген атаандашын ийгиликтүү жеңип, финалдык бетеште россиялык балбан менен күрөшүп, таза жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, Нурманбет Раймалы уулу буга чейин аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча коло байгенин ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий