• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 4 миң 520 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 289 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 163 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3519га жетти. Алардын ичинен 2054 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 41 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий