• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: 56 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-сентябрга карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 29, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 508 бейтап, амбулатордук түрдө 824 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 258 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 848 киши айыгып чыкса, 2 600 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий