• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы ПЦР-тесттер так жыйынтык көрсөтөбү? Адистин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн колдонулган ПЦР-тесттер 85-90 пайыз так жыйынтык берүүдө. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова билдирди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин сапатына Улуу Британиянын Лондон шаарындагы адистер жогорку баа беришкен.

“Биз 2020-жылдын март айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Лондон шаарындагы референс-лабораториясына коронавирус инфекциясы боюнча терс жыйынтык көрсөткөн ПЦР-тесттерди жөнөткөнбүз. Алар Кыргызстанда колдонулган ПЦР-тесттер 85-90 пайызга так жыйынтык көрсөтөт деген бүтүм чыгарып беришти”, - дейт Жумаканова.

Ал кошумчалагандай, республика боюнча жалпысынан 12 мамлекеттик жана бир жеке лаборатория иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий