• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Март айынан бери медицина кызматкерлерине кенемте төлөөгө 807 млн сом сарпталды - Боронов

Коом 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Март айынан бери медицина кызматкерлерине кенемте төлөөгө 807 млн сом сарпталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Социалдык тармактарда кээ бир жерлерде кенемтелер берилбей жатканы боюнча маселе козголду. Акыркы ай үчүн кенемте төлөөгө 424 млн сом бөлүнүп берилгенине карабай кээ бир аймактарда ошондой шалаакылыктар болгону билинди. Атап айтсак, Сокулук районунун Күн-Туу айылында медицина кызматкерлерине кенемтелери төлөнбөй жатканы белгилүү болду. Республикалык деңгээлден баштап кайсы деңгээлде шалаалык кетиргендер такталып жатат. Алар аныкталгандан кийин аларга тиешелүү чаралар көрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий