• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кант диабети бар бейтаптар эмдөөдөн кийин кандай терс белгилерге көңүл буруусу керек? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эндокринологиялык борборунун директору Наталья Добрынина брифинг учурунда кант диабети бар бейтаптар эмдөөдөн өткөндөн кийин кандай терс белгилерге көңүл буруусу керектигин айтып берди.

Анын айтымында, кеңири тараган терс белгилер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- инъекция жасалган жердин оорушу, шишиги жана кызарышы;
- жалпы абал - чыйрыгуу, чарчоо жана баш оору.
- көп учурда аталган терс белгилер абалдын начарлашына алып келбейт.

“Эмдөөдөн кийин гликемияны өз алдынча көзөмөлдөө сунушталат жана керек болгон учурда колдонулуп жаткан инсулиндин дозасын коррекциялоо керек. Белгилей кетсек, эмдөөдөн кийин деле коронавирус инфекциясын кайрадан жуктуруп алуу мүмкүн, ошондой эле кант диабети бар бейтаптар коомдук жайларда бардык тийиштүү нормаларды сактоо жоопкерчилигин билүүсү керек”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий