• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте аскердик парад өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Куралдуу күчтөрдө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган парадка кызуу даярдык көрүлүүдө.

Коргоо министрлигинен билдиргендей, министрдин орун басары, полковник Алмазбек Карасартов жеке курамдын жана бөлүмдөрдүн парадга даярдык деңгээлин текшерди.

Ала-Тоо аянтында 1373 аскер кызматкеринен турган 19 параддык эсеп, андан кийин КР Куралдуу күчтөрүнүн асердик техникасынын парады: 20 брондолгон унаа, 20 артиллериялык тутум, 27 унаа, 14 абадан коргонуу бөлүгү катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, күч түзүмдөрү, ИИМ, ӨКМ бөлүмдөрү жана башка бөлүмдөр катышат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленет. Аскердик парад эпидемиологиялык кырдаалдын бардык талаптарын сактоо менен өткөрүлөт.

Акыркы аскердик парад 2016-жылы болгон. Парад Ала-Тоо аянтында өтүп, ага мамлекеттик жогорку кызмат адамдары катышат.

Пикир

Оставить комментарий