• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда "Ысык-Көл досторун чакырат" аталышындагы эл аралык иш-чара башталды

Коом 0

Бишкек, 15.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги менен "Сейтек" Республикалык балдар жана жаштар борбору уюштурган "Ысык-Көл досторун чакырат" аталышындагы эл аралык этно-карнавал башталды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

"Барчын" комплексинде өтүп жаткан иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык облустарынан болуп 400гө жакын балдар катышууда.

Этно-карнавалдын максаты – Кыргызстан, КМШ жана башка чет өлкөлөрдүн этно-маданиятын окутуу жана сактоо, ошондой эле, достук мамиле түзүү, балдардын көркөм өнөр, музыка жана башка өнөрлөрүн өрчүтүү.

Этно-карнавалдын жүрүшүндө VI Эл аралык "Ысык-Көл досторун чакырат" аталышындагы балдар чыгармачылыгынын сынагы өтөт. Сынак 5 номинация боюнча өткөрүлүп, иш-чара гала-концерт менен аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий