• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

18-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. 18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12 градус, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15 градус, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25 градус, күндүз -5…-10°, тоо этектеринде түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бүгүн, 18-февралда, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 0…5 градус, Ысык-Көл облусунда -1…+4, Нарын облусунда болсо күндүз -3…+2 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 5…10 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкекте күн ачык болот, абанын температурасы 2…4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий