• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан: АЭС куруу чечими жыл соңуна чейин жарыяланышы мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Казакстандын энергетика вице-министри Жандос Нурмаганбетов атомдук электр станциясын салуу боюнча чечим быйыл жыл соңуна чейин жарыяланышы мүмкүн экенин маалымдады. Анын айтымында, АЭС куруу маселеси азыр каралып жатат, кайсы жерден орун алары азырынча белгисиз.

"Казакстан экология кодексиндеги талаптарды аткаруусу үчүн калдыксыз генерация өндүрүшүн ишке киргизүү керек. Генерация кубаттуулуктарынын баары союз учурунда салынган, жаңы станциялар көп эмес. Жаңы генератор куруу керек. Көмүртексиз генерацияга атом кирет. Ошондуктан өзөктүк станция куруу маселеси каралууда. Бирок анын аймагы жана көлөмү аныктала элек. Чечим 2022-жылы белгилүү болот деп ойлойм, - деди Нурмаганбетов.

Буга чейин бийлик АЭС Алматы облусунун Үлкөн айлында салышыны мүмкүн экенин кабарлаган. 17-февралда вице-министр башка региондор да каралып жатканын билдирди.

2014-жылдын 29-майында казакстандык “Казатомпром” менен орусиялык “Росатомпром” компаниялары Казакстанда атомдук электр станциясын куруу тууралуу меморандумга кол койгон.

Россия Казакстанда АЭС салуу маселесин улам-улам козгоп келет.

Казак коомчулугу “өлкөгө салынган АЭС аварияга учураса эмне болот?” деп кооптонот. Буга чейин казак президенти Токаев калктын пикири эске алынбай, АЭС салуу жөнүндө чечим чыкпай турганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий