• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын бардык аймагында жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май жетиштүү

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын ар бир аймагында жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май жетиштүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча жазгы-талаа иштерин өткөрүү үчүн 40,5 тонна күйүүчү май керектелет. Бүгүнкү күнгө карата камсыздоо 72%ды түзөт.

“Бизге дагы 5 миң тонна май сатып алууга каражат бөлүнгөн, ал даярдалып, камдалган. Башкача айтканда, күйүүчү майдын баасы кымбаттабайт жана учурда ар бир аймак камсыздалган”, - деди Мукашев. Учурда орточо баа аймактарга жараша Кыргызстанда 62,5-63 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий