• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Акыркы суткада 114 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 21-октябрга карата коронавирус дагы 114 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 54, Чүй облусунда – 36, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда –4, Баткен облусунда 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 60 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 640 бейтап, амбулатордук түрдө 560 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 223 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 875 киши айыгып чыкса, 2 миң 643 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий