• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 32 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 19-декабрга карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 20 Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 35 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 346 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 195 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 282 киши айыгып чыкса, 2 миң 783 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий