• 88.68
  • 95
  • 0.95

Омикрондо дене табынын жогору көтөрүлүшү кандай кыйынчылыктарга алып келүүсү мүмкүн?

COVID - 19 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын “омикрон” жана “дельта” штаммдары менен ооруганда кеңири кездешкен белгилердин бири дене табынын көтөрүлүшү. Эгерде дене табы 38-38,5 С; 39-39,5 С чейин көтөрүлсө – бул организмге инфекция кирип, ооруу процесси башталганы тууралуу белги.

Эгерде температура 3-5 күн бою 38-38,5 бойдон кармалса, организм инфекция менен активдүү күрөшүп жатат. Аны түшүрүүгө ашыкпоо керек. 39-39,5 жана андан жогору критикалык көрсөткүчтөргө жеткен температураны дароо түшүрүү кажет. Бирок эгерде дене табы 5 күндүн ичинде турукташпаса, оору күчөп кеткенин билдирет жана ыкчам чараларды көрүү керек.

Дене табынын узакка көтөрүлүшү эмнени билдирет?

Организмдин вирус менен күрөшүүгө жөндөмдүү эместигин же жүргүзүлүп жаткан дарылоонун натыйжасыздыгын, башка органдарга жана системаларга татаалдашуулардын өнүгүшүн, организмдин интоксикациясын жана оору козгогуч микроорганизмдердин болушун көрсөтөт.

Дене табынын көтөрүлүшүнүн (гипертермия) кандай кесепеттери бар?

1. Баш мээнин, нерв системасынын клеткалары үчүн кыйратуучу. Гипертермия баш оору, баш айлануу, эсин жоготуу, калтырак басуу белгилерин (балдарда фебрилдик калтырак басуу), дем алуунун жана жүрөктүн иштөөсүнүн бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

2. Кандын уюгучтугуна таасир тийгизет. Температура канчалык жогору болсо, кан ошончолук коюу, аны айлантууда жүрөккө кыйла оор. Канды жүгүртүүгө көп энергияны жумшоо органды алсыратат, ал жакшы иштебей баштайт. Ушундан улам жүрөк катуу жана ыкчам сого баштайт, аритмия, жогорку кан басым, абалдын начарлоосу жаралат, бул миокард инфарктына, баш мээнин инсультуна, жүрөктүн ишемия оорусуна, жүрөк жетишсиздигине алып келет. Тромбдордун пайда болушу өзгөчө коркунучтуу болуп саналат. Уюган кан кандын агымына гана тоскоол болбостон, үзүлүп, жүрөккө кирип кетсе, жүрөк токтоп калышы мүмкүн.

3. Кандын жай агымы адамдын органдарын жана системаларын кычкылтектин жана аш болумдуу заттардын жетишсиздигине алып келет, кычкылтек жетишсизигинен органдын иштебей калышынан жана алардына иштеши үчүн зарыл болгон заттардына аздыгынан өлүмгө дуушар болушу ыктымал.

Эсиңизге салабыз, дене табы 38,5 градустан жогору көтөрүлгөндө дене табын түшүрүүчү дарыларды (парацетамол - таблетка, шам же ибупрофен) ичүү зарыл. Каршы көрсөтмөлөр бар! Суу ичүү режимин сактаңыз (1 кг салмакка 30 мл эсеби менен). Токтоп калуу процесстерин болтурбоо үчүн кыймылдуу болуңуз. Туура дарылануу үчүн дайыма дарыгерге кайрылгыла. Эсиңизде болсун, алдын алуу иш-чараларды аткаруу менен сиз өзүңүздү жана жакындарыңызды коргойсуз!

Пикир

Оставить комментарий