• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 320 адам бейтапканаларда дарыланууда – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 320 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирус жуктурган 6 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 66 бейтаптын абалы орточо оор, 248 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус жуктурган 6 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1117ни түзөт. Алардын ичинен 783 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий