• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 12, Чүй облусунда 10, Ош шаарында 9, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 4 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 23 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантинден 444 медициналык кызматкер айыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2478 учур катталды, алардын ичинен 1091 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 29 миң 359га жетти. Илдеттен жалпы 15 миң 851 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1123тү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий