• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 984 киши коронавирустан айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 984 киши коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура
Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 343 киши, Чүй облусунда – 62, Ош облусунда – 65, Талас облусунда – 71, Нарын облусунда – 70, Ысык-Көл облусунда – 134, Жалал-Абад облусунда – 147, Баткен облусунда – 27, Ош шаарында 65 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын саны 15760ка жетти.

Пикир

Оставить комментарий